“12 мүчө ажырайт” Дарыгер жаңы төрөгөн аялды кантип туура тыңытуу керектигин айтып берди | Эркиндик Медиа

“12 мүчө ажырайт” Дарыгер жаңы төрөгөн аялды кантип туура тыңытуу керектигин айтып берди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Канышай Дүйшөналы кызы Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда 20 жылдан бери бейтаптарга кызматын көрсөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1977-жылдын 14-мартында Ат-Башы айылында туулгам. Нарын медициналык окуу жайын аяктап, 2000-жылдан бери Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда медайым болуп эмгектенип келем. Андан сырткары эмдөө учурунда кесиптештерим менен айыл ичиндеги үйлөрдү кыдырууга туура келет. Ким каякта жана кандай шартта жашарын жакшы билем. Керек болсо айрым тургундардын эшиги кандай ыкма менен ачыларын да өздөштүрүп алгам. Жумушумдан сырткары балдарыма ар кандай кийимдерди өз колум менен токуп бергенди жактырам. Эки уул, бир кыз жана бир неберем бар», – деди ал.

Медайым жаңы төрөгөн келиндерге кеңеш берди.

«Райондо жаңы төрөгөн келиндердин үйүнө чейин барып текшерип, кеп-кеңешибизди айтып турабыз. Эне-балага ыңгайлуу шарт түзүлбөгөнүн байкасак, дароо үйүндөгүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Учурдан пайдалынып, жаңы төрөгөн энелерди тыңытуу боюнча айта кетсем. Төрөт учурунда аялдын 12 мүчөсүнүн баары ажырап, ордунан козголот. Алардын калыбына келүү мөөнөтү 42 күндү түзөт. Калыбына келүү процесси бала төрөлүп, эненин бооруна жаткызылган мүнөттөн тарта башталат.

Баланы эмизерде колду таза жууп, жылуу сууга малынган таза чүпүрөк менен эмчекти сүртүш керек. Үрптү баланын оозуна толук салбаса аба кирет, эмчек кесилет. Эмчек кесилбеши үчүн кош бойлуулуктун 7-8-айынан баштап кам көрүү туура. Бала эмгенден кийин калган сүттү саап, эмчекке сүртүп койсо кесилбейт.

Көз жаргандан кийин такыр кыймылсыз жата берсе да болбойт. Заңдоо жана заара ушатуу кыйындайт. Жарым жылга чейин оор көтөргөнгө болбойт. Оор көтөргөндө сөөктөр ордуна жакшы келбей жылышып, омурткада чурку пайда болот.

Ваннага, мончого түшүүгө болбойт. Себеби жатынга инфекция кирип кетүү коркунучу бар. Бирок душтун алдына туруп, жышынгыч колдонбой, кара самын менен көбүртүп жууну керек. Жуунгандан кийин шамалдан качып, жылуу жатуу зарыл», – деди ал.

Анын айтымында, томографиянын жоктугунан улам бейтаптар Бишкекке чейин барууга аргасыз болушат.

«Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы бир көйгөйү – томографиянын жоктугу. Район элинин бул аппаратка муктаждыгы чоң. Томографияга түшүү үчүн Нарынга же Бишкек шаарына чейин барышат. Ооруп жатканына карабастан узак жол жүрүп, убакыт жана акчасын коротушат. Балким бизде да томография болгондо, бейтаптар мынчалык кыйналышпайт беле деген ойлор келет», – деди ал.

Булак: Турмуш.кж