“14 балам бар, алардын жетөө майып” Министрге жолугууга аракет кылган аялды милиция кармап кетти | Эркиндик Медиа

“14 балам бар, алардын жетөө майып” Министрге жолугууга аракет кылган аялды милиция кармап кетти

Кечээ, 19-майда Бишкек шаарындагы Эски аянтта Кыргызстанга «Пикап УАЗ Патриот» үлгүсүндөгү 8 санитардык унааны салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Алар Ислам өнүктүрүү банкынын коронавируска каршы күрөшүү багытындагы долбоордун алкагында алынган.

Салтанаттуу иш-чара өтүп жатканда бир окуя болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова сөз сүйлөп жатканда анын жанына бир аял барган. Бирок ал аялды кайгуулчулар четке жетелеп кетишти.

Жылдыз Бакашованын жанына барган аял өзүн Орозкан Ашымбаева деп тааныштырып, Кара-Кулжа районунун тургуну экенин билдирди.

«14 балам бар, алардын жетөө майып. Бир адамды пенсияга чыгаруу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү 100 миң сомдон сурап жатышат», – деди ал.