18 жаштагы Асылбек дайынсыз жоголду | Эркиндик Медиа

18 жаштагы Асылбек дайынсыз жоголду

Бишкек шаарында 2003-жылы туулган Асылбек Чыраков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Асылбек 26-январда болжол менен саат 16:00 чамасында Медициналык академиядан чыккан, бирок үйүнө барган эмес.

Ошол эле күнү туугандары милицияга кайрылып, аталган факт КЖБРга катталган..

Милиция Асылбектин жүргөн жерин билгендер болсо 0(703) 102-261, 0(552) 102-261 телефон номурлары же «102» аркылуу байланышууну суранат.