№47 колонияда жаткан Алмаз Атамбаев бүгүн бошотулушу мүмкүн | Эркиндик Медиа

№47 колонияда жаткан Алмаз Атамбаев бүгүн бошотулушу мүмкүн

Бүгүн, 1-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 колониядан бошотулушу керек. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге карата козголгон бир дагы иш боюнча баш коргоо чарасы боюнча соттун чечими жок.

“Мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаевди колонияда кармоого негиз болгон сот актысы жокко чыгарылгандан кийин, ал бошотулушу керек. Бүгүн биз Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына Жогорку соттун чечиминин көчүрмөсүн тапшырабыз. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан мыйзамдын аткарылышын күтөбүз. Учурда биздин кардарды кармоого башка негиз жок. Тилекке каршы, Атамбаев көптөгөн кылмыш иштери боюнча айыпталууда – ЖЭБ боюнча, Кой-Таштагы окуялар, жер тилкеси ж.б. – бирок алардын эч биринде  камакка алуу түрүндө чара көөрүлгөн эмес. Ошондуктан, биз чечимдин күчүнө киришин күтүп жатабыз” – деди ал.

“Эки инстанциядагы соттордун өкүмү жокко чыгарылгандан кийин, УКМК экс-президенттин статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, автоматтык түрдө Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик коопсуздукту камсыздашы керек. Бул учурдагы мыйзамда дагы көрсөтүлгөн – соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин, ал мамлекеттик коопсуздук тарабынан камсыздалышы керек” – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.