5%дан көп добуш алган партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү кайра кайтарылат | Эркиндик Медиа

5%дан көп добуш алган партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү кайра кайтарылат

Шайлоого катышкан бардык партиялардын ар биринен 5 млн сом күрөө алынып, жалпысынан 80 миллион сом алынган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова пресс-конференцияда билдиргендей, күрөө парламентке өтүү үчүн 7% тоскоолдукту жеңген партияларга, ошондой эле 5%дан ашык добуш алган партияларга кайтарылып берилет.

Ал эми 5%дан кем добуш алган партиялар акчаны кайра алышпайт.

“Калган каражаттардын бардыгы республикалык бюджетке бөлүштүрүлөт” – деди төрайым.

Шайлоого кетчү чыгымдар боюнча суроолорго жооп берип жатып, ал шайлоону өткөрүүнүн сметасы 449 миллион сом деп эсептелгенин, чындыгында, 416 миллион акча сарпталгандыгын айтты.

Чет өлкөлөрдөгү участоктор боюнча чыгымдар түздөн-түз Тышкы иштер министрлиги аркылуу жабылганын кошумчалады.