“5 жаштагы кызы жаракат алып…” Анжелика кабылган кырсыктын чоо-жайы айтылды | Эркиндик Медиа

“5 жаштагы кызы жаракат алып…” Анжелика кабылган кырсыктын чоо-жайы айтылды

Ырчы Анжелика кыздары менен 23-январда саат 7.00 чамасында кырсыкка кабылды. Айдоочу рулду башкара албай, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы Айлин жаракат алды.

Бул тууралуу Түп районунун Ички иштер башкармалыгы окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“34 жаштагы Асел Ж. рулда бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен ырчы Анжелика жана анын эки кызы жаракат алышкан. Бир кыздын эки буту сынган, экинчисинде жеңил жаракат бар. Айдоочунун абалы жакшы. Алгач жабырлануучуларга Түп аймактык ооруканасында жардам көрсөтүлүп, андан соң Бишкекке которулган».

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан ырчынын жаракаттары тууралуу маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, ырчынын кызы учурда райондук ооруканада, ал реанимобиль менен Бишкек шаарына жеткирилет.

“Жабырлануучулар Түп райондук ооруканасына кайрылышкан. Ырчынын 5 жаштагы кызынын жамбашы сынган. Өзүнүн оң бутунун таманы сынган. Ал кечээ “Тез жардам” кызматы менен Бишкек шаарына томографияга тартылуу үчүн жөнөтүлгөн. Бүгүн, 24-январда кызы реанимобиль менен Бишкек шаарына жеткирилет”, – дешти ооруканадан.

Ырчы Анжелика: “Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз”,-деген билдирүү калтырган.