8 партия шайлоонун таза өткөнүнө шек санап, лидерлер өз пикирин айтышты | Эркиндик Медиа

8 партия шайлоонун таза өткөнүнө шек санап, лидерлер өз пикирин айтышты

Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Автоматтык түрдө санаган шайлоо үкөктөрүнүн маалыматтары боюнча, 4 партия 7% тоскоолдукту жеңип чыгышты: “Биримдик” – 24,54%; “Мекеним Кыргызстан” – 23,9%; “Кыргызстан” – 8,74%; “Бүтүн Кыргызстан” – 7,09%;

Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин, бир катар партиялар өткөн шайлоонун жыйынтыгын макул болгон жок, кээ бирлери күмөн санашты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган биринчи партия – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин партиясы, “Социал-демократтар” партиясы.

“Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, анткени болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар болгон: УШКларга массалык түрдө жеткирүү, добуш сатып алуу, коркутуу, бюллетендерди бийликчил партиялардын пайдасына бурмалоо, административдик ресурстар жана кылмыштар колдонулган”, – деди Темирлан Султанбеков.

“Ата Мекендин” лидерлери шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана өтпөй калган башка партиялар менен оппозициялык блок түзөбүз деп жарыялашты.

Жанар Акаев шайлоо көп мыйзам бузуулар менен өткөнүн жана “үй-бүлөлүк-кландык коррупциялык системаны уюштурган” үч партия алдын-ала жеңишке жетишкенин айтты.

“Реформа” партиясы да шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес.

“Мекен Ынтымагы” партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди. Алардын тарапкерлери БШКнын имаратынын жанында акция өткөрүштү.

“Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт жана шайлоону башкаруунун автоматташтырылган тутумуна кийлигишүү болгон деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, “Бир Бол” партиясы тутумдун көзкарандысыз эл аралык техникалык аудитин, ошондой эле аудиттин жыйынтыктарын токтоосуз жарыялоону талап кылат.

“Замандаш” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, оппозицияга кетип жаткандыгын жарыялады.

Бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгына күмөн санашты.

“Ыйман Нуру” шайлоонун жыйынтыгына күмөн санайт “деп партиянын өкүлү Чыңгыз Макешов журналисттерге билдирди. Бирок расмий билдирүүсүндө партия лидери Нуржигит Кадырбеков шайлоочуларга биринчи жолу парламенттик шайлоого аттанган партияга ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Шек-күмөндү “Республиканын” лидери дагы билдирди. “Шайлоонун расмий жыйынтыктары али чыга элек. Бирок биз буга чейин жарыяланган алдын ала маалыматтарга шек келтиребиз. Шайлоолор массалык мыйзам бузуулар менен коштолгонуна биз шектенип жатабыз”, – деди “Республиканын” лидери Мирлан Жээнчороев.