Абдил Сегизбаевды абакта кармоо мөөнөтү узартылды | Эркиндик Медиа

Абдил Сегизбаевды абакта кармоо мөөнөтү узартылды

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин камакта кармоо мөөнөтү эки айга узартылды.

Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Сегизбаев сотко чогулган тарапташтарына сынбайм деп айтты.
«Баары жакшы болот, чыдап тургула. Мен сынбайм », – деди Абдил Сегизбаев.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Абдил Сегизбаевге буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шек