Абдышүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнө салды | Эркиндик Медиа

Абдышүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнө салды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, белгилүү дин аалымы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун апасы каза болду. Бул маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ажынын апасы бүгүн, 12-майда дүйнөдөн кайткан.

Буга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев дин аалымына көңүл айтты.

Эркиндик Медиа маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.