Ага-ининин ортосунда пикир келишпестик болуп… Өзгөндөгү кандуу окуянын чоо-жайы айтылды | Эркиндик Медиа

Ага-ининин ортосунда пикир келишпестик болуп… Өзгөндөгү кандуу окуянын чоо-жайы айтылды

2021-жылдын 18-июнь күнү саат 15:40 чамасында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Досмат айылынын тургуну 18 жаштагы Ж.уулу А.нын белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жараат алган жансыз денеси Куршаб аймактык ооруканасына келгендиги тууралуу 102 номери аркылуу Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБине каттоого алынып, окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жерден 2 даана 16-калибрдеги гильза жана сайсыз бир сайлуу 16-калибирлүү ок атуучу курал алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылына караштуу Досмат-Ата конуш жайытында 17 жаштагы К. уулу Н. өз ара пикир келишпестиктен улам 18 жаштагы Ж. уулу А.ны сайсыз бир найлуу 16-калибирлүү ок атуучу куралы менен денесинин сол тарап көкүрөк бөлүгүнө атып жиберген. Алган жаракатынан улам окуя болгон жерде Ж. уулу А. каза болгон жана аны Куршаб аймактык ооруканасына ошол жердин жашоочусу ооруканага алып келгендиги такталган.

Маркум А.Ж. уулунун жансыз денесине карата соттук- медициналык экспертиза (вскрытия) жургүзүлүп соттук медициналык экспертиза дайындалып, ал эми ок атуучу куралга баллистикалык экспертиза дайындалган.

Жогорулардын негизинде окуя боюнча Өзгөн РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен саны менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.