Ак-Талаада мыйзамсыз курал жана окторду сактап жүргөн шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

Ак-Талаада мыйзамсыз курал жана окторду сактап жүргөн шектүү кармалды

2021-жылдын 7-январь күнү “Турук майнинг” ишканасынын кызматкерлери Турук көмүр кенинде мыйзамсыз аңчылык кылып, мыйзамсыз көмүр казып иштетип жаткандыгы тууралуу Ак-Талаа РИИБнө билдирүү келип түшкөн.

Аталган окуя боюнча ыкчам тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылына караштуу Турук көмүр кенинде эч кандай көмүр казуу иштерин жүргүзбөгөндүгүн ошол жердеги кароолчулар билдирген.

Мындан тышкары Турук көмүр кенинин күн батыш тарабында жайгашкан контейнердин ичинен белгисиз жапайы жаныбарлардын туштары, эттери жатат деп кароолчусу 1992-жылы туулган А.К. аттуу жарандын айтуусу боюнча барган учурда контейнердин ичинен жапайы жаныбардын туштары эттери жок болгондугу аныкталып, бирок белгисиз өңү кара кочкул түстөгү тоңуп калган канга окшош суюктук заты алынган.
Аталган факты Ак-Талаа РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ак-Талаа райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде Ак-Талаа РИИБнүн кызматкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну 1978-жылы туулган А.Б жашап жаткан үйүн тинтүү учурунда “КО” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдын 13 даана октору жана үйдүн коридорунун ичинен өңү ак түстөгү каптын ичинен 19 даана Калибр-12 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын гильзасы жана Калибр-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 1 даана гильзасы эч кандай далилдөөчү документтери жок мыйзамсыз алып жүргөндүктөн тинтүү учурунда алынып, Ак-Талаа райондук сотунун алдына алуу жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн өтүнмө келтирилген.

Азыркы учурда алынган сайлуу ок атуучу куралга, ок дарыларына, гильзаларга тиешелүү соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы