Алайда милиция кызматкерлери жергиликтүү калк менен жолугушуп, бир жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчет беришүүдө | Эркиндик Медиа

Алайда милиция кызматкерлери жергиликтүү калк менен жолугушуп, бир жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчет беришүүдө

Алай РИИБнин кызматкерлери Кабылан-Көл айылынын тургундары менен жоолугушту.

Иш-чарага Алай РИИБнин начальнигинин орун басары А. Абылов, жергиликтүү бийликтин жамааты жана жашоочулар катышышты. Алгач чогулган элге аталган айылды тейлеген милициянын участкалык уполномоченныйы элге отчет берип, жыл ичиндеги ишмердүүлүүгү жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар айылдагы түйшөлткөн маселелерди айтышты. Аталган айылда негизги көйгөйлөрдүн бири катары кышкысын жол тайгагы, жазында сел жүрүп жолдон өтүү кыйынга тургандыгы жана жарандардын үй салуу үчүн жерге муктаж экендиги белгиленди.

Айтылган талаптарга Алай РИИБнин начальнигинин орун басары А. Абылов жооп берип, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тийиштүү кызмат мекемелердин жетекчилерине кат жолдоно тургандыгын билдирди. Мындан сырткары коомдук коопсуздукту камсыздандыруу үчүн тапшырмалар берилди.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы