Алайды Кызыл китепке кирген 1 баш кийикти атып өлтүргөн киши кармалды | Эркиндик Медиа

Алайды Кызыл китепке кирген 1 баш кийикти атып өлтүргөн киши кармалды

Кечээ, 27-январь күнү Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Кызыл китепке кирген кийикти атканы аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ милиция кызматкерлерине А аттуу адам Чоң-Алай районунун Алтын-Мазар аймагында мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Топтолгон материалдар ошол эле күнү Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 22:00 чамасында Чоң-Алай РИИБ тарабынан аты аталган адам Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 30 жаштагы тургуну О. уулу Э. экендиги такталды. Ал Алтын-Мазар аймагынын Миң-Теке жайлоосунда өзүнүн мыйзамдуу «Вепрь» үлгүсүндөгү куралы менен аңчылык кылып, сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген 1 баш кийикти атып өлтүргөндүгү аныкталды. Андан буюм далилдер алынып, Чоң-Алай РИИБге алынып келинген. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.