Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалат | Эркиндик Медиа

Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин жетектейт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү расмий буйрук чыгат. Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп келип, 2019-жылдын соңундамангдатын тапшырган.

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Орусиянын президентинин алдындагы эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын “мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.

2002-жылы өкмөттүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп иштеген.

2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.

2004-жылы Жогорку Соттун аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.

2010-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.

2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин юстиция министри кызматын ээлеген.

2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2017-2019-жылдары “Ата Мекен” фракциясынын лидери болгон.