Алмазбек Бейшеналиев Жумгалда жаңы ачылган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды | Эркиндик Медиа

Алмазбек Бейшеналиев Жумгалда жаңы ачылган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды

Алмазбек Бейшеналиев Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Министр министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды.Министр иш сапарын улай Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы мектептин курулушу, ошондой эле Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жалпы абалы менен таанышты.

Министр облустук билим берүү жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине ар бир райондогу көйгөйлүү деп саналган мектептердин тизмесин тактап берүүсүн тапшырды.