Американын жаңы президенти кыргызстандыктарга болгон чектөөнү жокко чыгарды | Эркиндик Медиа

Американын жаңы президенти кыргызстандыктарга болгон чектөөнү жокко чыгарды

Кызматына жаңы киришкен Американын президенти Жо Байден дароо 7 жарлыкка кол койду. Муну менен мурунку президент Дональд Трамптын чечимдери жокко чыгарылат.

Жокко чыгарган чечимдердин арасында мусулман өлкөлөрдүн жарандарын Америкага киргизүү тууралуу чектөө да бар. Бул өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар болчу.

Кыргызстандык мигранттардын Америкага киришин чектеген мыйзам 2020-жылдын февралында күчүнө кирген. Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мындай чараны эл аралык биометрикалык паспортко байланыштырган. Бирок дүйнөдө 80ден ашык өлкөдө азырынча биометрикалык паспорт толук колдонула элек.