Анжеликанын 5 жаштагы кызына дагы операция жасалат | Эркиндик Медиа

Анжеликанын 5 жаштагы кызына дагы операция жасалат

Жол кырсыгына кабылган Анжеликанын 5 жаштагы кызына дагы операция жасалат Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликанын кызына бүгүн, 25-январда операция жасалат. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматы тарабынан маалым болду.

“Ырчы операциядан кийин жандандыруу бөлүмүндө абалы туруктуу. Ал эми 5 жаштагы кызы жандандыруу бөлүмүндө. Ага бүгүн операция жасалат”, – деди маалымат кызматынан.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция жасалган.