Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда | Эркиндик Медиа

Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда

Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы менен Ат-Башы районунун аймагында атайын түзүлгөн графиктин негизинде жергиликтүү эл менен жеринде жолугуп, алардын суроо талабын, кайрылууларын кабыл алып жатышат. Мындан сырткары 2020-жыл ичинде Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн аткарылган иштери боюнча эл алдында маалымат берилүүдө.

Мындан тышкары кылмыштуулуктун жана бузуулардын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, азыркы учурда Ат-Башы районунун аймагында көйгөй жаратып келген мал уруулук кылмышынын алдын алуу боюнча малдарды кароосуз калтырбоосун жана Бишкек-Торугарт авто жолунун жээгинен алыс жайуусу боюнча сарайларда жашаган малдардын ээлерине профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле райондун аймагында жайгашкан мектептерде, базарларда, соода-сатык түйүндөрүндө азыркы учурда болуп жаткан COVID-19 илдети боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы