Ат-Башыда мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды | Эркиндик Медиа

Ат-Башыда мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды

Ат-Башыда мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды аныктоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, жарандарга өз ыктыярлары менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин улантып жатат.

2021-жылдын 20-январь күнү “Мал уурулук” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасын өткөрүү учурунда Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлери жана Нарын облустук Ат-Башы районунун балыкчылар жана мергенчилер коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну 1966-жылы туулган Б.С. “К-28мм” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы менен, Калинин айылынын тургуну 1990-жылы туулган Ж.Н. “К-16мм”үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы менен, Калинин айылынын тургуну 1991-жылы туулган И.К. “К-16мм” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы менен жана Казыбек айылынын тургуну 1982-жылы туулган “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу менен эч кандай тиешелүү документтери жок мыйзамсыз алып жүргөндүктөрү аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алынган ок атуучу куралдарга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы