“Ата-Мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады | Эркиндик Медиа

“Ата-Мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады

“Ата Мекен” партиясынын штабы журналисттерге билдиргендей, бүгүн республикада аяктаган парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт.

Социалисттердин саясий уюму VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке кирбей калган башка партиялар менен оппозициялык блок түзүүнү көздөп жатканы такталды.

Буга чейин “Кыргызстан социал-демократтар” партиясы мөөнөтсүз нааразычылык акциясын жарыялап, ал партия дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо аяктады. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан 16 саясий партиянын ичинен 5 саясий партия 7% дык босого чегинен өттү.

Бүгүн, 4-октябрдын кечки саат 21:53кө карата КР БШК Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

«Биримдик» — 24, 95%

«Мекеним Кыргызстан» — 24,31%

«Кыргызстан» — 8,91%

«Бүтүн Кыргызстан» — 7,21%

«Мекенчил» — 6,95%

«Республика» — 5,91%

«Ата-Мекен» — 4,09%

«Ыйман нуру» — 3,41%

«Бир Бол» — 3,07%

«Чоң казат» — 2,36%

«Замандаш» — 2,18%

«Социал-демократтар» — 2,15%

«Баарына каршы» — 1,82%

«Реформа» — 1,65%

«Мекен ынтымагы» — 0,64%

«Ордо» — 0,22%

Ооганчылар партиясы — 0,18%

Жалпы добуштарды эсептөө улантылууда.