Аял ооруканада көз жумду. Туугандары вакцина себеп болгондугун айтышууда | Эркиндик Медиа

Аял ооруканада көз жумду. Туугандары вакцина себеп болгондугун айтышууда

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө бир аял каза болду. Туугандары өлүм вакцинанын кошумча таасиринен улам болгон деп эсептешет.

Турсунай Батырбекова журналисттерге билдиргендей, анын кайненеси 46 жаштагы Назгүл Исакова Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Социалдык фонддун жетектөөчү адиси болуп иштеген. Үч күн мурун ал Бишкекке эс алууга келип, коронавируска каршы Sputnik V вакцинасын алган.

Исакова «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасын 19-июлда алганын, андан кийин дене табы көтөрүлгөнүн айтышты.

«Эки күн төшөктө жатты, кан басымы 30га чейин түшүп кетти. Тез жардам кызматы Бишкек шаардык ортопедия жана травматалогия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Бүгүн, 22-июлда эртең менен каза болуп калды. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалды», – деп билдиришти маркумдун туугандары.

Бишкек шаардык ортопедия жана травматалогия илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары Бакыт Исаков Исакова аллергиялык реакция менен келип түшкөнүн айтты.

Ал эми саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Исакова «Спутник V» вакцинасын алганын тастыктады.

«Бирок азырынча маркум вакцинанын айынан көз жумду деп айтууга болбойт. Азыр комиссия иштеп жатат, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Бардык деталдар иликтенет. Өлүмүнүн себеби азырынча аныктала элек», – деди ал.

Назгүл Исакова Бишкекке Кара-Көл шаарынан келген. Вакцинаны борбор калаадан алган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайы, ошондой эле бейтаптын өлүмүнүн себептери окуя иликтенгенден кийин гана белгилүү болорун билдирди.