Аялды эркине каршы ала качып кетти делген жаран аялдын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты | Эркиндик Медиа

Аялды эркине каршы ала качып кетти делген жаран аялдын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты

Аялды эркине каршы ала качып кетти делген жаран аялдын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 09-апрелинде саат 00:25 телефон аркылуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Кызыл-Байрак айылынан 02 KG 848 номерлүү автоунаада белгисиз эки бала бир аялды эркине каршы күч колдонуп, унаасына салышып, белгисиз тарапка алып кетишкендигин Кара-Суу РИИБнун Нөөмөт бөлүмүнө маалымдалган.

Аталган маалымат 2021-жылдын 9-апрелинде саат 00:49да Кара-Суу РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-апрелинде саат 00:20 чамасында Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн жашоочусу 31 жаштагы Р. кызы М. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунан такси кылып иштеген Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну 31 жаштагы М.Н Дайхатсу-Куоре үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылына барганда, Р. кызы М. жолдошу 33 жаштагы А.А. өзүнүн Митсубиси-Монтеро үлгүсүндөгү автоунаасы менен артынан келип такси менен бара жаткан аялын токтотуп, көчөдө күч колдонуп өзүнүн автоунаасына салып кеткен. Текшерүү учурунда суралган Р. кызы М. окуяны “биздин өз-ара үй-бүлөлүк чыр-чатак”, – деп түшүндүрүп, жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан жана бул боюнча акт түзүлгөн.

Бул жагдай боюнча чогултулган материал 2021-жылы 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жазык Кедексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.