Аянтта антимитингдин катышуучуларына тамак-аш таратылууда | Эркиндик Медиа

Аянтта антимитингдин катышуучуларына тамак-аш таратылууда

Бишкекте Эски аянтта нааразычылык акциясы өттү.

Катышуучулар иш-чараны антимитинг деп аташты, алар бийликке эч кандай талаптарды коюшкан жок, тескерисинче жарандарды тынчтыкка жана бири-бирине сабырдуулукка чакырышты.

Демонстранттар катар-катар тизилип, Эски аянтты көздөй жөнөштү. Чогулган 1 миңге жакын адам, негизинен спорттук дене түзүлүштөгү эркектер болушту. Анын ичинде Элдик күзөтчүлөр (дружинники) дагы катышты.

Акция бир жарым саатка уланып, ал бүткөндөн кийин митингчилер тарап кетишти. Элдик күзөтчүлөр Эски аянтта калышты. Аларга аш таратылууда. Антимитингдин уюштуруучусу, ошондой эле тамак-ашка демөөрчү болгон ким экени белгисиз.

Фото 24.kg. На Старой площади все еще остается несколько десятков участников