Бүгүн Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт | Эркиндик Медиа

Бүгүн Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт

Бүгүн, 14-майда «Кумтөр» алтын казуучу компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт.

Буга чейин, 12-майда, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын ачык отуруму комиссиянын башчысы, депутат Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн.

Ал жыйында А.Жапаров финансылык экономикалык топтун ишинин алдын ала жыйынтыктарын айткан.