Бүгүн – Мугалимдер күнү | Эркиндик Медиа

Бүгүн – Мугалимдер күнү

Бүгүн, 5-октябрь – Мугалимдер күнү. Токтомго кол койулуп, өкмөт тарабынан 2014-жылы 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.

Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.

1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.