Бүткүл Дүйнөлүк мода уюму Ассоль Молдокматовага “Икона Стили” наамын ыйгарды | Эркиндик Медиа

Бүткүл Дүйнөлүк мода уюму Ассоль Молдокматовага “Икона Стили” наамын ыйгарды

FHI Бүткүл Дүйнөлүк мода уюму, «Slava Zaitzev» сыйлыгынын уюштуруучусу эң көрүнүктүү телевизиялык инсан, дүйнөлүк коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага статуэтканы тапшырып, стилдин уникалдуулугу, профессионалдык сахнада чагылдырылган образдары үчүн “Икона Стили” наамын ыйгарды

«Slava Zaitzev» сыйлыгынын башкы продюсери Вадим Хусаинов белгилегендей, Молдокматова операнын примадоннасы Любовь Казарновская, мода тарыхчысы Александр Васильев, сулуулук боюнча эксперт Беатрис Малахова жана Олимпиаданын төрт жолку чемпиону Алексей Немов сыяктуу орустун көрүнүктүү жылдыздары менен катар сыйлыктын лауреаты болду.

Өз кезегинде Ассоль Молдокматова сыйлыктын уюштуруучуларына “Икона Стили” наамын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул жакшы жаңылык мени таң калтырды. Мен улуу кутюрье Слава Зайцевдин салтанатына чакыруу алгам, бирок мага наам жана сыйлык тапшыруу чечими жөнүндө билген эмесмин. Атамдын оорусунан жана бир катар үй-бүлөлүк себептерден улам учуп бара алган эмесмин. Мен жаңылыктарды көрдүм жана чынын айтсам, кубанганычтан көзүмө жаш толду! FHI Бүткүл Дүйнөлүк мода уюму жана Слава Зайцев атындагы сыйлык, сизди сыйлаганыңыз жана “ICON OF STYLE” наамы үчүн рахмат! Бул күтүлбөгөн жана жагымдуу белек болду! ” – деп белгиледи Ассоль Молдокматова.