Балалуу аялды ташуудан баш тарткан 117-кичи автобустун айдоочусу линиядан чыгарылды | Эркиндик Медиа

Балалуу аялды ташуудан баш тарткан 117-кичи автобустун айдоочусу линиядан чыгарылды

Бишкек шаарындагы №117 кичи автобустун аялды  ымыркайы менен алып жүрүүдөн баш тарткан айдоочусу линиядан убактылуу чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
заманбап габариттүү коляскаларды

Айдоочу микроавтобустун кабинасы заманбап габариттүү коляскаларды ташууга ылайыкталбагандыктан баш тартууга аргасыз болгону белгиленди. Муниципалитетте көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Бишкектеги №117 кичи автобустун айдоочусу баласы бар аялды алып кетүүдөн баш тартканы маалымдалган. Шаардык аял кичи автобусту токтотуп, бирок айдоочу бүктөлгөн колясканы көрүп, “мындай адамдарды алып барбай тургандыгын” айткан.