Балбак Түлөбаев: Мени мэрдин кызматынан алуу тууралуу сунушка күлүп гана коюш керек | Эркиндик Медиа

Балбак Түлөбаев: Мени мэрдин кызматынан алуу тууралуу сунушка күлүп гана коюш керек

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев депутаттардын Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу тууралуу сунушу боюнча комментарий берди.

“Мен бул кабарды окудум. Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары Момбеков жана Жумалиев, мыйзамды бир жолу ачып окуп коюңуздарчы. Мен эки мыйзамдын негизинде иштейм. Менин өзүмдүн парламентим бар. Килейген парламентке менин 3 орун басарымды чакырып жатат. Биздин ал жакка кандай тиешебиз бар? Ал жакка кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Баарыбыз мыйзамдуу иштейли, мен суранып, өтүнүп кетейин. Мыйзамсыз иштердин негизинде элдик толкундоолор болду. Дагы бир жолу эл өкүлдөрү мыйзамды ачып окуп коюшсун. Ал комитетке өздөрүнүн өкүлдөрү бар, аларды чакыра берсин. Ал эми мени жумуштан алуу чечими мыйзамсыз, ага күлүп эле коюш керек”, – деди Түлөбаев.