Балбак Түлөбаевдин дагы бир кеңешчиси пайда болду | Эркиндик Медиа

Балбак Түлөбаевдин дагы бир кеңешчиси пайда болду

Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевге коомдук транспорт боюнча жаңы кеңешчи келди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акматбаев жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери, мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун өкүлдөрү менен жолугушкан.

“Ай сайын алынуучу салыктын жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн убактылуу кыскартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Мурунку жолугушууларда жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү COVID-19 пандемиясы учурундагы кыйынчылыктардан улам ай сайын милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө кыйын болгон айдоочуларды колдоо маселесин көтөрүштү. Бул маселе мыйзамдын алкагында каралат”, – деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Балбак Түлөбаев жеке фирмалардын жетекчилеринен коомдук транспорттун кеңешчиси боло турган бир өкүлдү шайлоону суранган.

“Жолугушууда көпчүлүк добушка “Батыр Хан Мурагер” ЖЧКсынын директору Юрий Петров ээ болду, ага 18 адам добуш берди”, – деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, коомдук транспорттун айдоочулары жол кирени алгач 15 сомго, андан кийин 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Муниципалдык автобустар менен троллейбустардын тарифин мезгилге карабастан 10 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Пенсионерлер жана балдар 8 сом төлөшөт.

18-январда эртең менен 500 кичи автобустун айдоочулары жумушка чыгышкан эмес.