“Балдар апасына бизди конок зоруктады деп…” Орус басылмалары эркекти эркек зордуктаган окуя тууралуу жазып чыгышты | Эркиндик Медиа

“Балдар апасына бизди конок зоруктады деп…” Орус басылмалары эркекти эркек зордуктаган окуя тууралуу жазып чыгышты

Алтай аймагынын Третьяковский районунда 20 жаштагы жергиликтүү тургун жашы жете элек эки баланы зордуктагандыгы үчүн соттолгонун Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдиргенин FlashSiberia сайты 12-январда, ал эми assiette.ru 24-январда жазып чыгышкан.

Укук коргоо кызматкерлери жигит үй жумуштарына жардам берүүгө макул болуп, агасынын мурунку сүйлөшкөн кызына конокко келгенин аныкташкан. Кийинчерээк, жабырлануучулардын энеси соттолгон адамды мончого барууну сунуштап, 8 жана 9 жаштагы уулдарын өзү менен кошо алып кетүүгө уруксат берген.

Бир күндөн кийин жабырлануучулар апасына конок тарабынан зордукталганын айтып, натыйжада аял укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылган, ал эми жигит кармалган.

– Алдын-ала тергөө иштеринин жүрүшүндө ал адам жасаган иши үчүн күнөөсүн мойнуна алган. Сот тергөөнүн жүйөлөрүн эске алып, аны катуу режимдеги колонияда 14 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды, деп билдирди департамент.