“Балта менен чаап…” Таласта өз үйүндө күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаш келин кармалды | Эркиндик Медиа

“Балта менен чаап…” Таласта өз үйүндө күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаш келин кармалды

Манас районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын 1994-жылы туулган Н. аттуу тургуну бети-башынан жаракат алып, каза болгон денеси өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Манас РИИБдин кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, анын денесинде учтуу нерсе менен кесилип, урулган жаракаттары бар экенин аныкташкан. Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иш козголгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип маркум жигиттин аялы кармалып, Кара-Буура РИИБде камакка алынды. Ал жолдошу экөө уруша кетип, күйөөсүн балта менен чаап өлтүргөн.


Азыркы убакта аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жубайлардын ортосунда 3 бала бар.