Бек Борбиев: Камчы Көлбаев качып жүрбөсө, УКМК чакырса бармак болуш керек…. | Эркиндик Медиа

Бек Борбиев: Камчы Көлбаев качып жүрбөсө, УКМК чакырса бармак болуш керек….

Белгилүү ырчы Бек Борбиев, Камчы Көлбаевдин кармалышы боюнча, өз оюн Facebook баракчасына билдирген. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Камчы Көлбаевди бүгүн УКМК кармаганы, күндүн жаңылыгы болуп жатат. Албетте кылмыш кылган ким болсо дагы орду түрмөдө. Бирок ал качып жүрбөсө, чакырса деле бармак болуш керек. Жөн гана пиар деп айтайын десең, Америка бул кармоону колдоп, дароо миллион доллар убада берип жатат. Ошондон улам бул постту жазып турам. Ал акчаны алыш үчүн Көлбаевге каршы күбө болуп, кылган кылмыштарын айтуу керек экен.

Мен жакшы түшүнбөй турамбы же…  Америка биздин ички иштерге кийлигишип жатабы? Американын өзүндө канча деген мафия босстору, кландары бар экенин билебиз же ал маселелери чечилип, биздики калдыбы? Жок, бул жерде бир саясат катылып жаткандай.

Америка Россиядан Кыргызстанды тартып ала албай жүрөт, бул сыр деле эмес. Андан улам биздин ал жактан финансы алып каржыланган Нпошниктер ызылдап, кайсы саясат болсо мурдун тыгып, өлкөдө ызы чуу салып келет. Толук, эркин тополоң салганга тоскоол болгон күчтөрдү, Кошмо Штаттары ушинтип нейтралдаштырып коёрун билебиз. Американын Россияга каршы санкциялары, күчтүү бизнесмендерине, саясий лидерлерине кылган иш чаралары буга мисал.

“Жетеленме кылабыз” деп жетелесе кете берүү, бул биздин мамлекеттин идеологиясы болбоо керек. Бирөөлөр “акча беребиз, кредит беребиз” деген таризде, бизге өзүнүн саясатын таңуулабашы зарыл. Бул нерселерди азыркы бийликке келген азаматтар деле түшүнүп тургандыр.

Кандай болсок дагы, биз эгемендүү өлкөбүз. Башка күчтүү өлкөлөрдүн колундагы куурчагы болбоо, саясий лидерлердин колунда.

Сырткы күчтөрдү угуп, Батукаевди түрмөдөн чыгарып чанжырагандарды дагы көргөнбүз. Ал эми Камчы Көлбаев ага караганда кыргыздын кулуну. Батукаев өлкөдөн учуп чыга качса, Камчы өлкөгө качпай өзү учуп келген, айрымасы ушул түшүнгөнгө.

Кылмышы болсо олтурат, жигиттин башына нелер гана түшпөйт, жок болсо чыгат, кеп анда эмес. Эртеден бери ФБдагы кээ бир түшүнбөгөндөрдүн чаржайыт постторун окуп, өзүмдүн жеке ой пикиримди жазып коюну туура кордум. Рахмат”.