Бек Борбиев: “Маданият министри кылгылыкты кылып, алыстан билмексен болуп карап турат” | Эркиндик Медиа

Бек Борбиев: “Маданият министри кылгылыкты кылып, алыстан билмексен болуп карап турат”

Ырчы Бек Борбиев Самара Каримованын музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалышы тууралуу пикирин төмөндөгүчө билдирди:

“Соттон жеңип алып, бирок кызмат ордуна кайра бара албай жүргөндөр толтура, айлар жылдап кутүп… Бул Маданият Министирлиги Самараны дароо коё калганы таң калычтуу. Коллектив менен конфликтүү жагдай мурда эле жаралган, аны изилдеп көрүп, кызмат деген толтура, балким башка кызмат сунушташ керек беле. Бүгүнкү Ош шаарындагы окуу жайда болуп жаткан «ишке» түздөн түз Маданият Министри күнөөлүү. Кылгылыкты кылып , алыстан билмексен болуп карап турушканы жапыздык”.