Бекешев: “Садыр Жапаровдун ант берүү аземине чакыруу алгандар коронавируска карата тест тапшырышат”
Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакыруу алгандар коронавируска карата тест тапшырышат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев “Депутаттын ойлору” деген телеграмм-каналында билдирди.
“Бүгүн мен коронавирус инфекциясына карата тест тапшырам. Жеке өзүм барып тапшырмак эмесмин. Бирок инаугурацияга чакыруу алгандарга милдеттүү түрдө тест тапшыруу шарты коюлуптур. Андыктан мен дагы ПЦР-тест тапшырам”, – деген Бекешев.
Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.