“Бир нече жолу зордуктап, видеого тартып алганын айткан” Ошто адам уурдаган шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

“Бир нече жолу зордуктап, видеого тартып алганын айткан” Ошто адам уурдаган шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен 2003-жылы туулган кызды Ош шаарына алып келип, машинасында кармап отурган кезде кармалган.
Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, бул шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы, «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын» деп коркутуп, өз эркине каршы бир нече жолу зордуктап жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген. «Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком» деп билдирген.
18-май күнү шектүү 1992-жылы туулган Т.Д. Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз автомашинасына салып, түнү Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, сабаган. Телефонун талкалап салган. Негизинен шектүү кызды кызганып, «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп кызганып сабаган. 19-май күнү эрте менен саат 09.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, автомашинада отурган жеринен кармашкан. Учурда КР жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренеси (170-берене)менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.
Шектүү 1992-жылы туулган. Роосия Федерациясында жүрүп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну.
Жабырлануучу 2003-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.
Сүрөттө:кармалган шектүү