Бир жылдын ичинде Кыргызстанда май дээрлик эки эсеге, шекер 1,5 эсеге кымбаттады | Эркиндик Медиа

Бир жылдын ичинде Кыргызстанда май дээрлик эки эсеге, шекер 1,5 эсеге кымбаттады

Бир жылдын ичинде күн карама майына баанын өсүшү 75,7 пайызды түздү. Мындай маалыматтарды Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

2020-жылы 20-майга карата өнүм орто эсеп менен 87,1 сомду түзсө, ушул жумада 153 сомду түздү. Акыркы бир айда күн карама майы дагы 1,5 сомго кымбаттады.

«Өлкөдө 100 миң тонна май талап кылынса, Кыргызстанда жылына 12 миң тонна өсүмдүк майы өндүрүлөт, Россиядан жана Казакстандан экспорттук жеткирүүлөр – 85 пайыз”, – деп баса белгиледи Мамлекеттик монополияга каршы кызмат.

2020-жылдын май айында кумшекер 43,4 сом болсо, азыр 63,6 сом. Өсүш – 46,4 пайыз. Акыркы бир айда ал 1,2 сомго арзандады.

«Кумшекерге болгон жылдык талап 100-110 миң тоннаны түзөт. Ата мекендик кант өндүрүү керектөөнүн 50-60 пайызын гана жабат. Толук камтуу үчүн шекер Россиядан, Беларуссиядан, Украинадан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет», – деп билдирди министрлик.

Өкмөттүн токтому менен, Кыргызстан күн карама майына жана кумшекерге бааны 90 күндүк мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Ал 25-майда иштей баштайт. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик көрсөтүлгөн продукцияга максималдуу үстөк акыны белгилөө боюнча даярдык иштерин баштады.