“Биринчи жолу эмес…” Аламүдүндө өз кызын зордуктаган шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

“Биринчи жолу эмес…” Аламүдүндө өз кызын зордуктаган шектүү кармалды

Аламүдүн районунда өз кызын зордуктады деп шектелген адам кармалды.
2021-жылы 2-февралда ички иштер органдарына Пригородное айылынын 2002-жылы туулган тургуну С.Д., аны зордуктаган атасына чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.
Бул факт милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинде (Зордуктоо) каралган кылмыштардын негизинде КЖБРге катталган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери арыз ээсинен суракка алышкан, ал үстүбүздөгү жылдын 1-февралында саат 17:00 чамасында атасы анын эркине каршы зордуктаганын, андан кийин апасы келгенден кийин, эртеси кызы менен энеси ички иштер органдарына кайрылышкан. Мындан тышкары, арыз ээси биринчи жолу атасы аны 2019-жылы 17 жашында зордуктаганын кошумчалады.

Андан соң, бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. кармалды.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери Россия Федерациясынан январь айынын ортосунда келишкенин жана үй-бүлөсү менен көрсөтүлгөн даректе жашагандыгын аныкташкан.

Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки процесстер уланууда.