Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы ири өлчөмдөгү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүм башчы К.У.А. кечээ, 7-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ал 2020-жылы декабрь айында кен иштетүү лицензиясынын жокко чыгарылышына жол бербөө үчүн 20 миң доллар пара алган. Андан тышкары кызматтык абалынан пайдаланып, арыздануучудан батиринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, 450 миң сомдон ашык акчага үй эмеректерин жна тиричилик техникаларын алып берүүнү талап кылган», – деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.