Бишкекке Казакстандан 4,5 миң тоннага жакын ун гумжардам катары келди | Эркиндик Медиа

Бишкекке Казакстандан 4,5 миң тоннага жакын ун гумжардам катары келди

Бишкек шаарына Казакстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Анын айтымында, бүгүн Казакстандын гуманитардык жардамынын биринчи партиясын – 4 миң 500 тоннага жакын буудай унун өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык 75 вагон менен темир жол аркылуу жеткирилген.

Элчиликтин айтымында, буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүү – 10 миң тонна ун өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр май айында коңшу мамлекет жалпысынан 900 миң долларга 5 миң тоннага жакын унду, ноябрь айында 400 даана желдеткич жана 2 миллион медициналык масканы өткөрүп берген.