Бишкекте адашып кеткен 4 жана 5 жаштагы бир туугандар табылды | Эркиндик Медиа

Бишкекте адашып кеткен 4 жана 5 жаштагы бир туугандар табылды

Кечээ, 13-майда саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Чүй №117 дарегинде 2 жаш бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайы такталды, деп билдирди басма сөз кызматы.

Кайгуулчуларга жардам сурап кайрылган 1990-жылы туулган Б.А. (аял киши) билдирген маалымат боюнча, короодо уулу — 2016-жылы туулган Ж.Д. жана кызы — 2017-жылы туулган Б.А. ойноп жүргөн. Көп узабай аларды таппай калган.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн кайгуулчулар бир тууган балдарды Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн жерден табышты. Балдар апасына жеткирилген. Алардын абалы жакшы.