Бишкекте акыркы күндөрү Тез жардам кызматына кайрылгандардын саны өстү | Эркиндик Медиа

Бишкекте акыркы күндөрү Тез жардам кызматына кайрылгандардын саны өстү

Бишкекте акыркы күндөрү “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны өстү. Бул туурасында “Тез жардам” борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов маалымдады.

Айтымында, кайрылуулардын саны дээрлик 10 пайызга көбөйдү. Мындай өсүүгө пневмония жана коронавирус илдетинен жабыркагандардын кайрылуусу себеп болууда.

“Учурда бригадалардын резервин түзүп жатабыз. Алар коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны өсүп кетсе, ошол бейтаптарды гана карайт”, – деген ал.