Бишкекте ок атылды. Бул Орхан Инанды менен байланыштуу болушу мүмкүн | Эркиндик Медиа

Бишкекте ок атылды. Бул Орхан Инанды менен байланыштуу болушу мүмкүн

Орхан Инандынын ишенимдүү адамы Бишкек шаарынын тургунуна аларды алдоого аракет кылгандыгы үчүн ок чыгарган. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерине таянып Kaktus.media билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 21-июлда саат 14.00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Бета Сторес-2” имаратында белгисиз адам жана Орхан Инандынын ишенимдүү делген адамы менен жолугушкан.

“Эркек киши Орхан Инандынын үй-бүлөсүнөн аны менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштургандыгы үчүн сыйлык алууга аракет кылган. Ал тургай Бишкек шаарынын тургуну өзүн Түркиядагы Инанды катары көрсөтө баштаган бирөөгө телефон чалган. Бирок ал таптакыр башка киши болуп чыккан. Буга байланыштуу, эркектердин ортосунда жаңжал чыкты. Алар көчөгө чыгышкан жана Инандынын ишенимдүү адамы атаандашына ок чыгарган”, – деп маалымдашты маалымат булактары.

Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Бул иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталган.

Аталган окуя тууралуу Октябрь РИИБине кайрылганыбызда маалымат такталып жаткандыгын айтышты.

Эске сала кетсек, “Сапат” түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган атайын кызмат тарабынан кармалганын жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандынын кайтарылышын талап кылаарын айткан.