Бишкекте унааларды уурдап, тетиктерин сатып жүргөн шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкекте унааларды уурдап, тетиктерин сатып жүргөн шектүү кармалды

Бишкек шаарында автоунаа уурдаган шектүү кармалды, деп билдирди бүгүн, 18-майда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя 25-апрелде 3-кичи райондо болгон. Жергиликтүү тургун «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасын көп кабаттуу үйдүн жанына токтотуп, ошол бойдон таппай калган.

Автомототранспорт уурдоо фактысы менен ыкчам иштер жүргүзүлүп, Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган А.А. шектелип кармалды. Ал райондук сот тарабынан 2 айга убактылуу камакка алынды.

Текшерүү учурунда уурдалган 2 унаа табылган. Алардын бири — «Фольксваген». Шектүү ушул сыяктуу башка иштерге да катышканы белгилүү болду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал алгач автоунааларды уурдап, ээн жерге алып барчу. Андан кийин тетиктерин сатып турган.

Шектүүдөн жабыркаган жарандар милиция кызматкерлерине 0(509) 26-26-69, 0(700) 126-622 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.