Бишкекте жыл башынан бери 271 айдоочу жол кырсыгынан кийин качып кеткен | Эркиндик Медиа

Бишкекте жыл башынан бери 271 айдоочу жол кырсыгынан кийин качып кеткен

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ар кандай жол транспорт кырсыгына күбө болгон жарандарды ал тууралуу тез арада милиция кызматына кабарлоого чакырат.

«Жыл башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын аймагында жол транспорт кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга байланыштуу 271 жол транспорт кырсыгы катталган. Адардын ичинен 163 иштин бети ачылды. Качып кеткен башка айдоочуларды издеп табуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат», – деп билдирди бүгүн, 21-июлда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

  • Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн байланыш номуру: «102» кызматы жана 0312 530181, 0509 102 122 (WhatsApp)

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералар Бишкек шаарынын аймагын толук камтый элек.

«Жарандардын маалыматы кылмыш изин суутпай бетин ачууда ыкчам маалымат менен камсыздоо багытында чоң көмөк көрсөтөт», – деп айтылат билдирүүдө.