Бишкекте жылуулук бериле баштайт | Эркиндик Медиа

Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Мэр Азиз Суракматов шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тапшырма койду. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган.

Айтымында, азыркы учурда вице-мэр Алымбек Абдылдаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабды чогултууда. Жылуулук бүгүндөн тарта бериле баштайт.