Бишкектеги мектептер 2-6-класстар үчүн ачылбай калышы мүмкүн | Эркиндик Медиа

Бишкектеги мектептер 2-6-класстар үчүн ачылбай калышы мүмкүн

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери 2-6-класстын окуучулары үчүн оффлайн режиминде окууну улантууну сунушташпайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Кубан Кундашев ЖМКга билдирди.

“Биз мэрияга кат жазганбыз, мектептерди ачпай туруу оң, анткени билим берүү мекемелеринде эл көп. Мектептерде бир класста 40-50 адам окуйт. Айрыкча, 3, 4, 5, 6-класстар. Ошондуктан алдын алуу керек. Андан тышкары, оорунун өсүшү байкалууда: күнүнө 20дан ашык учур катталууда. Балдар, жалпысынан, ооруну асимптоматикалык түрдө көтөрүшөт. Бирок бир үйдө чоң ата, чоң энеси менен жашаган үй-бүлөлөр да бар. Биз жоопкерчиликти өз мойнубузга алгыбыз келбейт. Кат расмий түрдө жума күнү жазылган”, – деп түшүндүрдү Кундашев.

Анын айтымында, акыркы чечимди метрополия муниципалитети жана эпидемиологияга каршы комитет чыгарат.