Бишкектеги окуучуларды акысыз ташуу үчүн 10 автобус сатып алуу пландалууда | Эркиндик Медиа

Бишкектеги окуучуларды акысыз ташуу үчүн 10 автобус сатып алуу пландалууда

Бишкектеги окуучулар үчүн 10 автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин жыйынында шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Билдирүүгө ылайык, май айында кол кирени 15 сомго көтөрүү пландалууда. Бирок мэрия окуучулар үчүн акысыз автобус жүргүзүү үчүн 10 автобус алууну көздөп жатат.

“Май айында жол кирени 15 сомго көтөрүү пландалууда. Ошол эле учурда окуучулар үчүн акысыз автобустарды жүргүзүүгө 10 автобус сатып алабыз”, – деди Балбак Түлөбаев.

Мындан тышкары ал аталган 10 автобус окуучуларды гана ташый турганын кошумчалап өттү.