Бишкектеги Панорамадан аял киши боюн таштады | Эркиндик Медиа

Бишкектеги Панорамадан аял киши боюн таштады

Бишкектеги Панорамадан аял киши секирип каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү саат 06:56 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аял киши Көк-Жар айылындагы Панорамадан секиргени тууралуу маалымат келип түштөн. Аталган окуя Аламүдүн РИИБинде маалымат китепчесине жазылган.

Тергөө-ыкчам тобу окуяга барган учурда орус улутундагы 38-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Учурда жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө ыкчам аракеттери жүрүүдө.