БШК кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөө чечимин жокко чыгарат | Эркиндик Медиа

БШК кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөө чечимин жокко чыгарат

БШК кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөө чечимин жокко чыгарат. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге мунун себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору күчүнө кирери менен, ага ылайык, кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоолор конституциялык реформага чейин жокко чыгарылат, шайлоо комиссиясы өз чечимин жокко чыгарат.

«Мыйзам күчүнө кириши керек, ошондо биз аны аткарабыз. БШК-аткаруучу орган болуп саналат. Башкача айтканда, 20-декабрдагы шайлоо өткөрүлбөйт ”, – деди Кайрат Осмоналиев.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте массалык нааразычылык, андан кийин баш аламандык башталган соң, шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Кырдаалдан улам, өлкөдө бийлик алмашты – Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Кайра шайлоо 20-декабрга белгиленген.

Бүгүн парламентке Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору киргизилгени белгилүү болду, ага ылайык алдыдагы шайлоонун мөөнөтү токтотулган.