БШКга 4 партиядан кайрадан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү | Эркиндик Медиа

БШКга 4 партиядан кайрадан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү

БШКга партиялардан кайрадан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түшүүдө.

Бүгүн дагы үч саясий уюм Борбордук шайлоо комиссиясына мандат талашуу ниетин билдиришти: “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Билим Ыйм Ордосу”.

Маалыматка ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы дагы кайрадан шайлоодо ат салышат. Буга чейин “Кыргызстан жашылдар” партиясы мандаттар үчүн күрөшүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон. Арыздарды кабыл алуу улантылууда. Билдирүүлөрдү алуу мөөнөтү 25-октябрда аяктайт.

Эске салсак, 6-октябрда БШК Бишкекте башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

Буга чейин шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайталап шайлоонун күнүн жарыялады. Ал 2020-жылдын 20-декабрында өтөт. Добуш берүү жаңы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.